Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Москва шаарында жайгашкан шайлоо участкалары тууралуу маалыматы

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоогоо добуш берүү жана референдум  2021-жылдын 10-январында Москва убактысы боюнча саат 8:00дөн 20:00гө чейин болот.

Өзүңүздү Кыргыз Республикасынын БШКнын https://tizme.gov.kg веб-сайтындагы шайлоочулардын тизмесинен алдын ала толук аты-жөнүңүздү жазып, "Издөө" баскычын басуу ыкмасы менен текшерип коюуну өтүнөбүз.

Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын 31638 жараны шайлоочулардын тизмесине киргизилген, анын ичинен 17 891 адам Москва шаарынын шайлоочуларынын тизмесинде.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын БШКнын чечими менен Россия Федерациясынын аймагында 15 шайлоо участкалары түзүлгөн. Тактап айтканда, Москва шаарында 5 УШК жана Россиянын 10 шаарларында - Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток, Сургут, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск жана Тюменде1ден УШК бар.

Ошол эле учурда, жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн, Москва шаарындагы шайлоо участкаларында добуш берген шайлоочулардын тизмелери шайлоочулардын аты-жөнүнүн алфавиттик тартиби боюнча бөлүштүрүлгөн, УШК №9001 (А-Б), УШК №9005 (В-К), УШК №9015 (Л-М), УШК №9016 (Н-С), УШК №9017 (Т-Я).

Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо участкаларынын даректери:

  1. № 9001 УШК - Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64 (Добрынинская метросу) дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин аймагында. Большая Ордынка 62/1 дарегиндеги Большая Ордынкадагы кафенин имаратында.Фамилиялары А тамгасынан Б тамгасына чейин башталган жарандар.
  2. № 9005 УШК - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин аймагында Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64 (Добрынинская метро станциясы). Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн имаратында. Погорельский тилкесинен кирүү керек. Фамилиялары В тамгасынан К тамгасына чейин башталган жарандар.
  3. № 9015 УШК - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин аймагында, Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64 (Добрынинская метро станциясы). Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн имаратында. Погорельский тилкесинен кирүү керек. Фамилиялары Л тамгасынан М тамгасына чейин башталган жарандар.
  4. № 9016 УШК- Житная көчөсү 6/8 дарегиндеги № 627 мектептин аймагында (Добрынинская метросу). Фамилиялары Н тамгасынан С тамгасына чейин башталган жарандар.
  5. № 9017 УШК- Житная көчөсү 6/8 дарегиндеги № 627 мектептин аймагында (Добрынинская метросу). Фамилиялары Т тамгасынан Я тамгасына чейин башталган жарандар.

Жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн ар бир шайлоо участогуна жол белгилери, участкалык номерди көрсөткөн баннерлер Элчиликтин имаратынын жанына орнотулат. Эгерде сиз өзүңүздүн шайлоо участкаңызды таба албай кыйналсаңыз, анда Элчиликтин кызматкерлери жана жарандарга жардам көрсөтүү үчүн ар бир имаратта атайын турган ыктыярчылар менен байланышсаңыз болот.

Сизде сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрү болушу керек - Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспорту, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык паспорту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK