Кыргыз-түрк кызматташтыгынын маселелери талкууланды

2020-жылдын 6-февралында Баку шаарында, Түрк кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз жыйналышына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын тышкы иштер Министри Мевлют Чавушоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Ч.Айдарбеков 2020-жылдын 24-январында Элязыг провинциясынын Сивридже шаарында жана Малатьяда болгон жер титирөө учурунда курман болгондорго байланыштуу М.Чавушоглуна көңүл айтты.
Тараптар 2020-жылга биргелешкен иш-чаралардын, анын ичинде, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги сапарлардын графигин талкуулады. Экономикалык кызматташтыкты мындан ары күчөтүү жана ушул жылдын жайында Кыргызстанда кыргыз-түрк бизнес-форумун өткөрүү зарылчылыгын белгилешти.
Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасынын иштөөсү жөнүндөгү Макулдашуунун Түркия парламенти тарабынан батыраак ратификация болуусунун маанилүүлүгүн кыргыз тарабы баса белгиледи.
Ошондой эле эки жана көп тараптуу форматтардагы, анын ичинде, Түрк кеңешинин регионалдык аянтчасынын алкагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK