Состоялась встреча Временного поверенного в делах  Кыргызской Республики в Азербайджанской Республике Б.Юсупова с Президентом Торгово-Промышленной Палаты Азербайджанской Республики Нияз Анвар оглы Али-заде

Элчиликтин демилгеси боюнча 2020-жылдын 24-январында Убактылуу Ишенимдүү Өкүл Бакыт Юсуповтун Азербайжан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Нияз Анвар оглу Ализаде менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Ализаде Соода-өнөр жай палатасынын иши жөнүндө маалымат берди, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки тараптуу кызматташуунун да, эл аралык уюмдардын алкагында да колдонуудагы мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен 2019-жылдын 14-октябрында Баку шаарында болуп өткөн жолугушуусу учурунда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылуусу маселелерин талкуулашты.

Өзүнчө маселе катары 2019-жылдын 7-октябрында болуп өткөн экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын протоколунун үчүнчү жыйынынын пунктарынын ишке ашыруу жолдору каралды, ошондой эле 2020-жылда Бишкек шаарында кыргыз-азербайжан бизнес-форумунун уюштурулуусу маселесине дагы көңүл бурулду. Инвестиция тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында Азербайжан тарабына карап чыгуу үчүн Кыргызстандын инвестиция долбоорлору жөнүндө материалдар сунушталды.                   

Ошондой эле Б.Юсупов тарабынан бүгүнкү күндүн чындыктарынын эске алынуусу менен бирге, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай  палатасы жана Азербайжан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу жобосунун актуалдаштырылуусу маселеси көтөрүлдү. Кыргыз тарабынын кызыкдар болгон учурунда Н.Ализаде бул маселени ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун аягында тараптар жолугушуунун жыйынтыктары менен канааттанганын билдиришти жана экономикалык кызматташуунун бардык спектри боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK