Кыргыз Республикасынын Италиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Эрмек Исаковдун жаңы дайындалган Кампания аймагындагы (резиденциясы Неаполь ш.) КРнын Ардактуу консулу Джузеппе Де Стефано менен жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигин имаратында КРнын Италиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Эрмек Исаков жана жаңы дайындалган Кампания аймагындагы (резиденциясы Неаполь ш.) КРнын Ардактуу консулу Джузеппе Де Стефано менен жолугушуусу болуп өттү.

Маалымат: Кампания аймагы Италиянын түштүк-батышында жайгашкан, Неаполь, Касерта, Салерно шаарларын камтыйт. Аймактын калкы болжол менен 5,5 миллион адамды түзөт. Ар кандай маалымат булактарына ылайык, Кыргызстандын 2 миңден 4 миңге чейин жараны Неаполь шаарында жана ага жакын жайгашкан Касерта жана Салерно шаарларында жашап келишет.

Жолугушуунун негизинде Дж.Де Стефано мырзага Кыргызстан менен Италиянын Тышкы иштер министрликтеринин Кыргыз Республикасынын жаңы дайындалган Ардактуу консулунун ишин расмий түрдө баштоого мүмкүндүк берген тиешелүү документтери тапшырылды. Элчилик Дж.Де Стефано мырзаны маанилүү жана жооптуу кызматта иштей башташы менен куттуктады, Тараптар Кампания аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү маселелери боюнча биргелешип иш алып баруу жөнүндө макулдашууга жетишти.

Ардактуу консул Дж.Де Стефано өз тарабынан Кампания аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына Италия өкмөтүнүн органдарында алардын кызыкчылыгын коргоп, акысыз негизде жардам көрсөтүү боюнча керектүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун аягында Тараптар 2021-жылдын экинчи жарымында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK