Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлү Д.Мукашев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европалык регионалдык кеңсесинин Директору доктор Х.Клюге менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү

2021-жылдын 19-мартында, Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлү Д.Мукашев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европалык регионалдык кеңсесинин Директору доктор Х.Клюге менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар доктор Х.Клюгенин 2021-жылдын 24-26-мартында кыргыз тараптын чакыруусу менен Кыргызстанга боло турган иш-сапарын талкуулашты. Атап айтканда, алар төмөнкү маселелерди талкуулашты: COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстандын ДСУ менен кызматташтыгы; өлкөнүн калкын COVID-19га каршы эмдөө; Кыргызстанда калктын психикалык саламаттыгын жакшыртууну, санариптик медициналык жардамды киргизүү жана эмдөө боюнча кызматташууну караган 2020-2025-жылдарга Европалык иш планын ишке ашыруу; биздин өлкөдөгү адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу.

Жогорудагы Кыргызстан үчүн  маанилүү маселелер доктор Х.Клюгенин иш-сапарынын жүрүшүндө кыргыз тарабы, донор-мамлекеттер ж.б. менен кеңири талкууланары белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK