КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкерлери КРнын Коомдук телерадиокомпаниясынын журналисттери менен биргеликте РФнын ИИМнин Москва шаары боюнча чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу Борборго барып, ал жерде убактылуу кармалып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуп келишти

2019-жылдын 3-октябрында КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкерлери  КРнын Коомдук телерадиокомпаниясынын журналисттери менен биргеликте РФнын ИИМнин Москва шаары боюнча чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу Борборго барып, ал жерде убактылуу кармалып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуп келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу Борбордун жетекчилиги жана аталган мекемеде жарандарды кармоого жоопкерчиликтүү инспектор, кызматкерлер менен сүйлөшүүлөр болду.

КРнын жарандары менен жолугушууда Элчиликтин кызматкерлери РФнын миграциялык тартип, мыйзамдары, аларды бузууда көрүлгөн чаралар, аймактан чыгарып жиберүү жол-жоболору, Элчилик тарабынан Мекенине кайтуу күбөлүгүнүн даярдалышы, авиабилеттерди сатып алуу,  салынган жазапулдарды төлөө, ошондой эле жашаган орду боюнча каттоого турууда ортомчуларга кайрылган учурлардын зыяны тууралуу маалыматтарды беришти. 

Ошондой эле Элчиликтин кызматкерлери РФнын Сот приставдарынын Федералдык кызмат Башкармалыгынын бөлүмүнүн жетекчилиги менен маектешүүнү улантып, убактылуу борбордогу КРнын жарандарын мекенине жөнөтүү иштерин тездетүү маселесин талкуулашты, ошону менен бирге  Сот приставдарынын Федералдык кызмат Башкармалыгынын өкүлдөрү үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тартып Борбордо жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды мекендерине жөнөтүү жана аларга салынган жазапулдарды милдеттүү түрдө төлөө шарттары боюнча РФнын мыйзамдарына киргизилген өзгөрүүлөр тууралуу маалымдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK