Казакстандын Кыргызстандагы Элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

2019-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаевди, анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле ушул жылдын 12-июлунда Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Маминдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жана кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык Кеңешинин 8-отурумунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Ушул жылдын күз мезгилинде Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Ч.Айдарбеков Элчи К.Кокрекбаевге кыргыз-казакстан мамилелерин өнүктүрүүдөгү жемиштүү ишине жана жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана анын андан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Өз кезегинде, Элчи К.Кокрекбаев, анын Кыргызстандагы дипломатиялык кызматы мезгилиндеги биргелешкен үзүрлүү өз ара аракеттенүүгө ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK