Кыргызстандын Түштүк Кореядагы Элчилиги Кореянын алдыңкы компанияларына Кыргыз Республикасынын инвестициялык, экспорттук жана туристтик потенциалдарын менен тааныштырды

1694

2022-жылдын 4-майынан 6-июлуна чейин Корея Республикасынын Импортчулар Ассоциациясы Ассоциациянын мүчөлөрү үчүн Глобалдык Соода Технологиялары боюнча 10 билим берүү курсун өткөрүүдө. Курска бизнестин түрдүү тармактарынан келген компаниялардын жетекчилери катышты.

Корея Республикасынын Импортчулар Ассоциациясынын Төрагасынын чакыруусу боюнча 2022-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын инвестициялык, экспорттук жана туристтик потенциалы тууралуу тааныштырды. Ал жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелери Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири жана приоритеттүү экендигине көңүл бурду.

Элчи Аида Исмаилова ошондой эле бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында чет элдик ишкерлердин кыргыз рыногуна чыгуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жана жагымдуу инвестициялык климат бар экенин белгиледи. Ошондой эле коноктор Кыргызстандын жаратылышы тууралуу видеороликтерди көрсөтүү менен туристтик потенциал менен таанышууга жетишти.

Презентациянын жыйынтыгында негизги багыттар боюнча кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK