2023-жылдын 13-14-июлунда Кореядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин көмөгү менен Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Спикеринин орун басары Чонг У Тэк мырзанын Кыргызстанга сапары болуп өттү.

143

Сапардын жүрүшүндө Корея делегациясынын башчысы КРнын Президенти С.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Н. Азыгалиев менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. 
Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы актуалдуу маселелерин талкуулашты. Парламенттер аралык кызматташтыкты активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду, атап айтканда, тараптар КР ЖКнын төрагасы Н.Шакиевдин үстүбүздөгү жылдын февраль айында Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын жыйынтыктарын жогору баалашты жана мындан ары эки өлкөнүн парламент жетекчилигинин деңгээлинде визиттер менен алмашууга кызыкдар экендигин белгилешти. Ошондой эле сапардын жүрүшүндө "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору боюнча 27 млн. АКШ долларлык өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK