КРнын Кореядагы Элчилиги «T’way» авиакомпаниясы менен биргеликте «Бишкек-Сеул» багыты боюнча учуулардын санын жумасына 3 чейин көбөйтүү боюнча иш алып барууда

213

2024-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси А.Исмаилова «T’way» авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылы түз аба каттамдарын ачылганына жогорку баа беришти.
Элчи А.Исмаилова жүргүнчүлөрдүн санын көбөйгөнүн, алардын басымдуу бөлүгү «T’way» авиакомпаниясы аркылуу ашырганын белгиледи. Кыргыз тарап учуулардын жыштыгын көбөйтүүгө жана жалпысынан жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи. "Сеул-Ош" каттамы боюнча түз аба каттамын ачуу, ошондой эле "Манас" аэропорту аркылуу Европага транзиттик каттамды ачуу маселелерин кароону сунуштады.
Ёнг Хонг Гён өз кезегинде Элчиликке түз аба каттамдарын ачууда көрсөткөн көмөгү жана эки өлкө ортосундагы жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча жигердүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Учурда Элчилик менен биргеликте 2024-жылдын 14-майынан тартып жумасына учуулардын санын 3 чейин көбөйтүү маселеси иштелип жатканын белгиледи.
Маалымат үчүн: 2023-жылы "Бишкек-Сеул" каттамы боюнча «T’way» авиакомпаниясы 5 миңге жакын жүргүнчүнү тейлеген.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK