Кыргызстандын Кореядагы Элчиси А.Исмаилованын Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Чон Бён Вон менен жолугушуусу тууралуу

397

2024-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилованын Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Чон Бён Вон менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-корей эки тараптуу мамилелерин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тактап айтканда, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги аспектилери, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.

Тараптар ошондой эле көп тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK