Элчи А. Исмаилованын Пхёнтхэк шаарынын мэри Джан Сон Джун менен жолугушуусу тууралуу

269

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Исмаилова Пхёнтхэк шаарынын мэри Джан Сон Джун менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Исмаилова Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жана өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ар кандай тармактарда кызматташууну активдештирүүгө чакырды, атап айтканда региондор аралык кызматташтык, Кыргызстандан сезондук жумушчуларды жөнөтүү, ошондой эле маданият чөйрөсүндө өз ара аракеттешүү.

Өз кезегинде мэр Джан Сон Джун Кыргыз Республикасы менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ал эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы кызматташтыктын потенциалын баса белгилеп, өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду демилгелөөгө даярдыгын билдирди. Мэр ошондой эле Кыргызстандан студенттерди Пхёнтхэк шаарына билим алууга жана андан ары жумушка орноштуруу үчүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө кызыгуусун билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK