Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги Ардактуу консулдарынын 5-Кеңешмеси болуп өттү

3211

Министр Чыңгыз Айдарбеков жана Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги Ардактуу консулдарынын Кеңешмесине катышты (15-март, Бишкек шаары) 2019-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Каныбек Иманалиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги Ардактуу консулдарынын 5-Кеңешмеси болуп өттү.

Өз сөзүндө Министр Ч.Айдарбеков Ардактуу консулдардын чет мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошуп жаткан маанилүү салымын белгиледи. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Ардактуу консулдардын ишинин маанилүүлүгү баса белгиленди. Министр өлкөнүн тышкы саясатынын бекитилген жаңы Концепциясына көңүл бурду, ал жакта улуттук кызыкчылыктар менен приоритеттер аныкталган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев Ардактуу консулдардын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү жарандарына көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирди жана Комитет Ардактуу консулдардын ишмердүүлүгүн колдоорун белгиледи. Иш-чаранын алкагында чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, экспорттук рынокторду кеңейтүү, туризмди илгерилетүү, «экономикалык дипломатияны» жандандырууга көмөк көрсөтүү боюнча үч панелдик сессия болуп өттү. Кеңешменин жүрүшүндө Министр Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдарына Ардак грамоталарды, ыраазычылык каттарды жана консулдук патент тапшырды. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча аккредитацияланган өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдар тарабынан 2019-жылдын аягына чейин ишке ашырылуучу Сунуштамалар иштелип чыкты. 16-мартта Ардактуу консулдардын Кыргызстандын келечектүү инвестициялык жана туристтик объекттерине тематикалык сапарлары пландалды. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россия, Казакстан, Беларусь, Армения, Грузия, Түркия, АКШ, ГФР, Финляндия, Япония, Корея Республикасы, Таиланддагы Ардактуу консулдары катышты. Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ардактуу консулдардын Кеңешмесин эки жылда бир жолу өткөрөт. Алардын максаты аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулоо жана кийинки мезгилге милдеттерди аныктоо болуп саналат.

  • Өз сөзүндө Министр Ч.Айдарбеков Ардактуу консулдардын чет мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошуп жаткан маанилүү салымын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK