Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Ө.Текебаев менен «Siemens Healthineers» компаниясынын Вице-президенти Бернт Бибер менен болгон жолугушуусу тууралуу пресс-релиз

1579

2022-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Эрланген шаарындагы заманбап медициналык жабдууларды жана жаңы технологияларды чыгарган ири «Siemens Healthineers» компаниясынын башкы кеңсесинде болуп, анын Вице-президенти Др. Бернт Бибер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө көптөгөн жылдардан бери биздин өлкөдөгү өнөктөшү аркылуу Кыргызстанга продукцияларды жеткирип келе жаткан «Siemens Healthineers» компаниясынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстандын аймактарынын саламаттыкты сактоо тармагындагы муктаждыктары тууралуу маалымат берип, биринчи кезекте ар кандай оорулардын түрлөрүн аныктоо үчүн заманбап медициналык жабдууларга суроо-талаптын орчундуу экенин белгилеп, Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде саламаттыкты сактоо тармагында долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Ө.Текебаев «Siemens Healthineers» компаниясын 2022-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-герман бизнес форумуна катышууга чакырды.

Вице-президент Б.Бибер кызматташтыкты өнүктүрүүнү мындан ары деталдуу талкуулоо максатында «Siemens Healthineers» компаниясынын өкүлүнүн бул бизнес-форумга катышуусуна кызыкдар экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK