2023-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин жана Берлиндеги кыргыз диаспорасынын колдоосу менен Кыргызстандагы КАРПОУ маалымат технологиялык компанияларынын бирикмесинин директору Авигаиль Менаше менен жолугушуу болуп өттү.

476

2023-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин жана Берлиндеги кыргыз диаспорасынын колдоосу менен Кыргызстандагы КАРПОУ маалымат технологиялык компанияларынын бирикмесинин директору Авигаиль Менаше менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга германиялык компаниялардын жана Германиядагы жана Польшадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев ɵз сɵзʏндɵ Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы маалыматтык технологиялар тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Элчи эки өлкөнүн маалымат технологиялык адистеринин мындай жолугушуулары Кыргызстан менен Германиянын бул тармактагы кызматташтыгы үчүн көпүрө болуп, Кыргызстандан башка өлкөлөргө маалымат технологиялык продукциясын мындан ары дагы экспорттоого салым кошо аларын белгиледи. Элчи ошондой эле, Кыргызстанда маалымат технологиялык тармактын ɵнүгүшү Кыргызстандын жарандары үчүн өлкөдөн чыкпай туруп, чет өлкөлөрдө жумуш орундарына ээ болушуна шарт тʏзɵрʏн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Авигаиль Менаше Кыргызстандагы 250 маалымат технологиялык компанияларды камтыган КАРПОУ маалымат технологиялык компанияларынын бирикмесинин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири баяндама жасады. А.Менаше ɵзʏнʏн Германияга келʏʏ максаты тууралуу маалымат берди: бул Германиядагы өнөктөштөрдү биргелешкен долбоорлорго тартуу жана кыргыз технологияларын Германияда жайылтуу, билим берүү программаларынын алкагында тажрыйба алмашуу, ошондой эле келечекте Берлинде маалымат технологиялык форумду ɵткɵрʏʏнʏ пландаштыруу боюнча иш жʏргʏзʏʏ болуп саналат. Ушундай эле маалымат технологиялык форум жогоруда аталган Бирикме тарабынан 2022-жылы АКШда өткөрʏлгөн.

Жолугушуунун катышуучулары маалымат технологиялары тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. А.Менашенин кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен ушундай эле жолугушуулары Мюнхен, Бонн, Дортмунд шаарларында өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK