Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинин өкүлдөрү Эл жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына арналган адабий кечеге катышышты

3975

2020-жылдын 12-декабрында Германияда онлайн тартибинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 92 ​​жылдыгына арналган адабий кече болуп өттү.

Иш-чараны кыргызстандыктардын “Bildung. Initiative. Zusammenarbeit- BIZ" - Билим берүү. Демилге. Кызматташтык" коомдук бирикмеси уюштурду. Кеченин модератору бул бирикменин тең төрайымы Асел-Сайраан Дамир айым болду.

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин өкүлдөрү баш сөзүндө, кеченин уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдиришип, жазуучунун чыгармачылыгы дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, дүйнөдөгү көптөгөн окурмандарга кызыгуу жараткандыгын.

Адабий кеченин жүрүшүндө Германия, Швейцария жана башка Европа өлкөлөрүнөн жазуучунун талантынын күйөрмандары, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү кыргыз, орус, немис, англис жана түрк тилдеринде окууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле, иш-чарага публицист, доктор Ирмтрауд Гучке катышты, ал көп жылдар бою улуу жазуучунун чыгармачылыгын изилдеп келет, басмаканаларын үзгүлтүксүз чыгарып, Германияда жана Европада Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сактап калууга жана жайылтууга салым кошууда. Адабий кеченин жүрүшүндө Ирмтрауд Гучке, Чыңгыз Айтматовдун 2020-жылы 16-мартында «Юнионсверлаг» басмаканасында чыккан «Жаныбарлардын окуялары» адабий чыгармаларынын жаңы жыйнагын тартуулады.. Китепте Ирмтрауд Гучке жана Бавариядан келген жазуучунун замандашы, советтик адабияттын көрүнүктүү котормочусу Фридрих Хитцер (1935-2007) которгон материалдар колдонулган.

Ошондой эле, Ирмтрауд Гучке кеченин катышуучуларына Европадагы айрым кыргызстандыктардын жакынкы жылы Кыргызстанда «Ак илбирс» тасмасын тартуу ниети жөнүндө маалымат берди. Чынгыз Айтматовдун
90 жылдыгына байланыштуу, «Кызыл жоолук жалжалым» повестинин негизинде "Өзбек кино" студиясы тарабынан өзбек режиссеру Сарвар Каримов тарткан кыргыз-өзбек «Делбирим» тасмасынын ийгиликтүү жарыкка чыккандыгын канааттануу менен белгиледи.

Кеченин аягында анын катышуучулары бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда мындай иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасын улантуу боюнча жалпы пикирин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK