Түркия Республикасына сапар алып жаткан КРдин жарандарына маанилүү маалымат

3975

Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмүсөнө караштуу 2021-жылдын 15-мартынан баштап Түркияга кирүү эрежелери өзгөрүлдү. Ага караштуу, Түркияга кирүү үчүн акыркы 72 саат ичинде https://register.health.gov.tr/ портал аркылуу электронндук форма толтуруу керек. Анын натыйжасында автоматтык түрдө жеке HES-код берилет.

Бул форма аэропортто рейске каттоодон алдын талап кылынат. Форма кагаз түрүндө басып чыгарылышы же телефондо электрондук түрдө сакталышы мүмкүн.

Жогорудагы жазылган сайттагы маалыматка караштуу, эгерде Сиз порталда катталбасаңыз же адаштыруу максатында туура эмес маалымат көрсөтсөңүз, Сизди чек арада текшериши мүмкүн, укуктук же административдик чаралар колдонушу ыктымал. Андан тышкары, Түркияга кирүүгө тыю салынышы мүмкүн (эгерде Түркиянын жараны болбосоңуз же убактылуу/туруктуу жашаганга уруксатыңыз болбосо).

Түркия Республикасы аркылуу башка өлкөлөргө сапар алган транзиттик жүргүнчүлөргө форманы толтуруштун кереги жок. 


Жүргүнчүлөр Түркияга кирүү үчүн коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок жана изилдөө алынган убактан тартып акыркы 72 саатта SARS-CoV-2 аныктоо үчүн жасалган ПЦР — тестинин терс жыйынтыгын тастыктаган маалымкатын көрсөтүү шарты кийинки расмий билдирүүгө чейин узартырылган. 

6 жашка чейинки балдар жана транзиттик жүргүнчүлөр ПЦР анализин тапшыруудан бошотулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK