2022-жылдын 1-июнунда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жаңыдан дайындалган жетекчилеринин Германиянын Бундестагынын Президенти Бербель Бас айым менен болгон жолугушуусуна катышты.

1528

2022-жылдын 1-июнунда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жаңыдан дайындалган жетекчилеринин Германиянын Бундестагынын Президенти Бербель Бас айым менен болгон жолугушуусуна катышты.

Бул иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Бундестагынын башчысы Бербель Бас айым менен Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

2022-жылдын 2-июнунда Германиянын Бундестагында кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Бундестагындагы Социал-демократиялык фракциянын төрагасы Рольф Мюцених мырза менен жолугушту жана жолугушуу учурунда кыргыз-герман саясий, соода-экономикалык, каржы-техникалык жана парламенттер аралык чөйрөлөрдө мамилелерди чыңдоо, ошондой эле өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле эл аралык абал жана Борбордук Азиядагы регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын Бундестагындагы Социал-демократтардын башчысы Рольф Мюцених мырза жалпы социал-демократиялык баалуулуктарга жана принциптерге негизделген көптөгөн маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүнү жана позициялардын окшоштугун билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Рольф Мюцених мырзаны Кыргыз Республикасына иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

 

Маалымат үчүн: Германиянын социал-демократиялык партиясы Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери О.Шольц жетектеген эң ири элдик партиялардын бири болуп саналат, ал 2021-жылдын 26-сентябрында өткөн Бундестагга шайлоодо жеңип чыккан жана “Жашылдар” партиясы жана Эркин демократиялык партия менен бирге башкаруучу коалицияны түзгөн.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK