2022-жылдын 9-сентябрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаевдин Германиянын Федералдык канцлеринин кеңсесинин Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия бɵлʏмʏнʏн башчысы Александр Валлау менен жолугушту

1261

2022-жылдын 9-сентябрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаевдин Германиянын Федералдык канцлеринин кеңсесинин Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия бɵлʏмʏнʏн башчысы Александр Валлау менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар кандай тармактардагы кыргыз-герман мамилелерин өнүктүрүү жана бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү, ɵз ара иш сапарларды уюштуруу боюнча сунуштар талкууланып, учурдагы эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы эл аралык демилгелери, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун маанилүү жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK