2022-жылдын 19-октябрында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Бавариянын Экономика, жерди өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт мырза менен жолугушту

1027

2022-жылдын 19-октябрында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Бавариянын Экономика, жерди өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт мырза менен жолугушту.  Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бавариянын ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылык бар экени баса белгиленди жана биргелешкен иш-чаралар менен экономикалык делегацилардын иш-сапарларын уюштуруу сүйлөшүлдү.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстан үчүн “Бавария керемети” чоң кызыгуу жаратып жатканын, анын аркасында Бавария акыркы 70 жыл ичинде агрардык аймактан Германиянын эң бай, өнөр жай жана технологиялык жактан өнүккөн федералдык мамлекеттеринин бирине айланганын белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын эң ири инвестициялык долбоорлору, биринчи кезекте ири ГЭСтерди куруу, КЭР-КР-РУз темир жолун куруу, «Манас» аэропортун реконструкциялоо боюнча маалымат берип, Бавариянын бизнес өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырды.

Биринчи кезекте Бавария федералдык жери Германиянын экономикалык борбору экенин жана жаңы технологияларга жана инновацияларга ээ экенин Статс-катчы Роланд Вейгерт айтып, ошондой эле Бавариянын Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда соода-экономикалык катышуусун чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.

2023-жылы Бавариянын Экономика, жерлерди өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт башында турган Бавариянын экономикалык делегациясынын Кыргыз Республикасына иш-сапарын уюштуруу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери макулдашылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бавариянын ишканаларында Кыргызстандын адистерин системалуу түрдө ишке орноштуруу боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында. Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Бавариядагы тейлөө чөйрөсүндөгү эң ири «Sasse» компаниясынын (6,5 миңден ашык кызматкер) жетекчилиги менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынан Германияга түрдүү кесиптеги адистерди тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин сунушу менен EDUVISO компаниясы аркылуу Мюнхен шаарындагы клиникага (3 миңден ашык кызматкер иштейт) Кыргыз Республикасынын медайымдарын ишке орноштуруу жаатында кызматташуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. EDUVISO компаниясы 2019-жылдан бери Кыргызстанда медициналык адистерди Германияда иштөө үчүн окутуп келет.

 

Маалымат үчүн: Бавария Германиянын эң өнүккөн федералдык жери, ИДПсы 661,5 миллиард евродон ашат (2021).

20-кылымдын 50-жылдарында Бавария толугу менен айыл чарба аймагы болгон, бирок бүгүнкү күндө айыл чарбасынын үлүшү Бавариянын жалпы ИДПсынын 1% ашык гана түзөт. Бүгүнкү күндө Бавариянын экономикасынын негизин жогорку өнүккөн өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармагы түзөт. DAX фондулук индекси бар немис компанияларынын төрттөн бири Баварияда жайгашкан. Дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын 20%дан ашыгы дагы Бавариядан чыккан – Siemens, Adidas, Audi, BMW, Airbus, MAN ж.б. Бавариянын экономикасынын, ошондой эле бүт Германия экономикасынын пай дубалын кичи жана орто ишканалар түзөт. Өндүрүштүк окутуунун дуалдык билим берүү системасы чакан жана орто бизнестин ийгиликтүү тарыхы  болуп калды. Бавария өкмөтү өз аймагында жогорку технологиялык тармактарда жана экономиканын салттуу секторлорунда 17 кластердин ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтөт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK