2022-жылдын 21-ноябрында Берлинде «М.Ломоносов атындагы МИТРА мектебинде» мектеп окуучулары үчүн «Берлиндеги Ломоносов күндөрү 2022» аттуу эл аралык олимпиадасынын ачылышы болуп, анда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Ө.Ч.Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү

796

2022-жылдын 21-ноябрында Берлинде «М.Ломоносов атындагы МИТРА мектебинде» мектеп окуучулары үчүн «Берлиндеги Ломоносов күндөрү 2022» аттуу эл аралык олимпиадасынын ачылышы болуп, анда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Ө.Ч.Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Олимпиада 2022-жылдын 21-ноябрынан 23-ноябрына чейин 9 өлкөдөн (Германия, Латвия, Улуу Британия, Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Испания, Эстония, Кипр) келген 70 окуучунун катышуусунда өтөт.

Бул мектептик олимпиадага катышуу үчүн Кыргызстандан Ломоносов мектебинин жана Газпром мектебинин 5-9-класстарынын окуучулары, жалпысынан математика, орус, немис тили жана англис тилдери боюнча 14 катышуучу келген.

Элчи Ө.Ч.Текебаев өз сөзүндө мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муундун билимин өнүктүрүүгө, алардын инсандыгын калыптандырууга жана чыгармачылык дараметин жогорулатууга гана эмес, мамлекеттер ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого да салым кошоорун белгиледи. Элчи олимпиаданын бардык катышуучуларына чоң ийгиликтерди каалады.

Олимпиадага катышуунун алкагында «Берлиндеги М.Ломоносов атындагы мектеп» менен Бишкектеги Ломоносов мектебинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлат.

Маалымат үчүн: “Берлиндеги М.Ломоносов атындагы мектеп» MITRA орус тилдүү ата-энелер жана мугалимдер коому тарабынан 2006-жылы Берлинде ачылган. Анда 580 окуучу окуйт жана 100 мугалим иштейт. Немис-орус тилдериндеги билингвалдык, гимназия деңгээлиндеги, Берлиндин Сенаты тарабынан расмий таанылган мектеп болуп саналт. Математика, табигый илимдер, тарых жана музыка сабактары эки тилде окутулат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK