2022-жылдын 25-ноябрында Бавария Федералдык аймагынын Ипхофен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев «Knauf» компаниясынын КМШ өлкөлөрү боюнча Ыйгарым укуктуу директору Александр Блумгардт менен жолугушту.

747

2022-жылдын 25-ноябрында Бавария Федералдык аймагынын Ипхофен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев «Knauf» компаниясынын КМШ өлкөлөрү боюнча Ыйгарым укуктуу директору Александр Блумгардт менен жолугушту. Жолугушууга компаниянын жетекчилеринин бири, «Knauf» компаниясынын башкы өнөктөшү доктор Уве Кнотцер катышты. Жолугушуу Кыргызстандын экономикасына германиялык инвесторлорду тартуу жана германиялык компаниялар менен биргеликте өлкөнүн экономикасы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелерин талкуулоо боюнча Элчиликтин иш-чараларынын алкагында өттү.

А.Блумгардт Элчи Ө.Ч.Текебаевге курулуш материалдарын: «Knauf» бренди менен чыгарылган гипсокартон, пол, гипс жана фасаддарды жасоо боюнча дүйнөгө белгилүү ири германиялык компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Компаниянын продукциялары Кыргызстанда да белгилүү жана кеңири колдонулат.

А.Блумгардт Кыргызстандагы «Knauf» компаниясынын ишке ашырып жаткан билим берүү долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берди, анын алкагында компания Бишкек жана Ош шаарларындагы университет жана техникалык лицейлер менен биргеликте курулуш адистерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча иш алып барууда. Окууну аяктагандан кийин аларга тиешелүү күбөлүк берилет. Бул адистер Кыргызстандын ички эмгек рыногун камсыз кылуу үчүн даярдалууда.

Элчи Ө.Ч.Текебаев компаниянын өкүлдөрү менен «Knauf» компаниясы менен Кыргызстандын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын жогорудагы өкүлдөрү Борбордук Азия чөлкөмүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы гипс кендеринин сапаты жогору экенин белгилешип, Кыргызстан менен биргеликте иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти. Тараптар ошондой эле 2022-жылы түзүлгөн Кыргыз-герман Ишкерлер кеңешинин алкагында кызматташуу, ошондой эле «Knauf» компаниясынын өкүлдөрүнүн биргелешкен кыргыз-герман бизнес форумдарына катышуусун талкуулашты.

Жыйындын соңунда курулуш материалдарын чыгаруучу «Knauf» заводуна экскурсия уюштурулду.

Маалымат үчүн: Штаб-квартирасы Бавариянын Ипхофен шаарында жайгашкан «Knauf» компаниясы дүйнө жүзү боюнча 86дан ашык өлкөдө 220га жакын фабрикаларды жана 75 иштетилбеген ташты кайра иштетүүчү ишканаларды башкарат. Компания гипсокартон, пол, гипс жана фасад үчүн материалдардын өндүрүүчүсү жана дистрибьютору болуп саналат. Компания 1932-жылы негизделген. Кызматкерлеринин саны 40 миң адам, жылдык жүгүртүүсү 13 миллиард еврого жакын. Компаниянын ар кайсы шаарларда, анын ичинде Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда гипс кендерин казып алуу боюнча өзүнүн заводдору бар.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK