2023-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык архивинин GW 1 архивдик саясат маселелери, стратегиялык пландаштыруу жана башкарууну колдоо, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн ɵкʏлʏ Ангела Абмайер менен жолугушту.

374

2023-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык архивинин GW 1 архивдик саясат маселелери, стратегиялык пландаштыруу жана башкарууну колдоо, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн ɵкʏлʏ Ангела Абмайер менен жолугушту. Жолугушуунун максаты Германиянын Федералдык архивинин ишмердүүлүгү менен таанышуу жана Кыргыз Республикасы менен кызматташууну жолго коюу болгон.

Федералдык архивде 1495-жылдан азыркы мезгилге чейинки Германиянын тарыхынын ар кандай мезгилдериндеги карталар, фотосүрөттөр, фильмдер жана үн жаздыруулар сыяктуу аналогдук жана санариптик түрдөгʏ ар кандай документтер туруктуу сакталып турат. Архивдик материалдардын арасында өткөн кылымдардын ар кыл мезгилдериндеги Кыргызстанга тиешелүү материалдар да бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө Германиянын Федералдык архиви менен Кыргыз Республикасындагы архивдик мекемелери жана тарых институттарынын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK