2023-жылдын 29-апрелинде Кельн шаарында Европада жашаган кыргызстандыктар арасында “Көчмө кубогу” жыл сайын өтүүчү футбол турнири өттү.

240

2023-жылдын 29-апрелинде Кельн шаарында Европада жашаган кыргызстандыктар арасында “Көчмө кубогу” жыл сайын өтүүчү футбол турнири өттү.

Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жериндеги кыргыз диаспорасынын активисттери жана лидерлери тарабынан уюштурулган футбол турнирге Германиянын ар кайсы шаарларынан, ошондой эле Европанын 7 коңшу өлкөсүнөн: Улуу Британиядан, Италиядан, Чехиядан, Латвиядан, Литвадан, Польшадан и Данидан 21 команда катышты.

Бул спорттук иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тɵрагасына караштуу Миграция, мекендештер жана диаспора маселелери боюнча Кеңештин Секретариатынын жетекчиси Медер Рахман катышты.

Элчи Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүндө Германияда гана эмес, бүткүл Европада жашаган кыргыздардын башын бириктирүү максатында өтүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Кыргызстан менен Германиянын элдеринин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө мекендештердин өзгөчө ролун белгилеп, Өмүрбек Текебаев иш-чаранын бардык катышуучуларына ийгилик каалады жана Бʏбина Чолпонкулова баштаган уюштуруучу топко ыраазычылыгын билдирди.

Футболдук турнирдин алкагында катышуучуларга жана алардын балдарына ар кандай улуттук оюндар да уюштурулуп, иш-чарага келгендердин бардыгына кыргыздын улуттук тамак-аштары жана суусундуктары тартууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK