2023-жылдын 2-майында Потсдам шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бранденбург Федералдык аймагынын Вице-премьер-министри, Ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри Михаэл Штюбген менен жолугушту.

86

2023-жылдын 2-майында Потсдам шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бранденбург Федералдык аймагынын Вице-премьер-министри, Ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри Михаэл Штюбген менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бранденбург Федералдык аймагынын ортосундагы түрдүү тармактарда, анын ичинде билим берүү, квалификациялуу адистерди даярдоо жана ишке орноштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Кыргызстан менен Бранденбург Федералдык аймагынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, немис компанияларына энергетика, туризм, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана тоо-кен казып алуу сыяктуу келечектүү тармактарга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

М.Штюбген Кыргызстандын квалификациялуу адистерди даярдоо жана ишке орноштуруу жаатында Кыргызстан менен кызматташууга Бранденбургдун кызыкдар экенин билдирди.

Маалымат үчүн: Бранденбург Федералдык аймагы, борбору Потсдам шаары, калкы – 2 млн 527 868 адам (2021-жыл), аянты 29 654,16 км, Бранденбургдун ИДПсы – 78,656 млрд. евро (2021.,

Бранденбург Федералдык аймагынын үчтөн биринен көбүн табигый парктар, токойлор, көлдөр ээлейт. Бранденбург 1990-жылы Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык аймагы катары кайра түзүлгөн. Борбору Потсдам өзүнүн сарайлары жана сейил бактары менен белгилүү.

Бранденбургдун негизги экономикалык тармактары болуп, айыл чарбасы, болот өнөр жайы, энергетика, туризм, авиация өнөр жайы жана кино өнөр жайы саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK