2023-жылдын 20-21-майында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги Берлин шаарында Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрүнүн жана скульпторлорунун катышуусунда миграция темасына арналган «Берлин-Бишкек» искусство фестивалына катышты. Фестиваль Роза Люксембург Фондунун. жана башка германиялык уюмдар менен фонддордун колдоосу менен ɵттʏ.

70

Искусство фестивалынын алкагында 20-майда Элчилик Германиядагы кыргызстандыктардын «B.I.Z» (Билим. Демилге. Кызматташтык) коому тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү үчүнчү Эл аралык аялдар форумуна катышты. Форумдун катышуучулары аялдардын коомдогу жана миграция чөйрөсүндөгү ролун жана ордун талкуулай алышты. Ошол эле күнү кечинде Элчиликте Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиядагы кыргыздардын кезектеги жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары Германиядагы кыргызстандыктар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргызстандагы түрдүү долбоорлор тууралуу сɵз кылышты.

21-майда Элчи Ө.Текебаев жогоруда аталган искусство фестивалынын алкагында Германиядагы кыргызстандыктардын «B.I.Z» коому жана казакстандыктардын «Мирас» коому тарабынан уюштурулган кыргыз жана казак тилдериндеги китептердин көргөзмөсүнө барды. Көргөзмөгө кыргыз, казак, немис тилдеринде ар кандай темадагы китептер, анын ичинде балдарга арналган китептер, ʏй-бʏлɵдɵ балдарды тарбиялоо боюнча китептер коюлду. Элчи өз сөзүндө кыргыз маданиятын жана кыргыз тилин немис жеринде жайылтуу максатында мындай долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK