2024-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германия Бундестагынын Европа департаментинин башчысы Сибилла Кохтун жолугушуусу болуп өттү

51

2024-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германия Бундестагынын Европа департаментинин башчысы Сибилла Кохтун жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгы, Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаал жана актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө парламенттер аралык, маданий-гуманитардык жана экономикалык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле Борбордук Азия боюнча Европа Биримдигинин Стратегиясынын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK