Элчи Болот Отунбаев АКШнын Президенти Дональд Трампка Ишеним грамотасын тапшырды

7207

2019-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампка Ишеним грамотасын тапшырды.

Элчи Болот Отунбаев АКШнын Президенти Д.Трамптын дарегине кайрылуусунда Кыргызстан АКШ менен кызматташуусун өнүктүрүү  жана кыргыз-америка диалогунун жаңы мейкиндиктерин ачуу ниетинде экендигин белгиледи.

Ошондой эле Б.Отунбаев бүгүнкү күнү кыргыз-америка өз ара аракеттенүүлөрдү жаңы денгээлге көтөрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы барактарын ачуу үчүн бардык шарттар бышып жетилгендиги тууралуу пикирин билдирди.  

Өз кезегинде АКШнын Президенти Д.Трамп Б.Отунбаевди Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап жаңы кызмат орунда ийгиликтерди каалады.

Дональд Трамп Кыргызстандын аймакта демократиялык баалуулуктарды колдоодогу лидерлик ролун баса белгиледи, ошондой эле америка тарабы эки тараптуу кызматташуунун жалпы күн тартибинин үстүндө жана эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды тереңдетүүдө биргелешип иш алып барууга даяр экендигин билдирди.  

Дональд Трамп «Биз экономикалык өнүгүүнү жана биздин өлкөлөрдүн ортосунда коммерциялык байланыштарды кеңейтүүнү камсыздандыруу максатында өз ара аракеттер үчүн мүмкүнчүлүктөр көрүүдөбүз. Биз биргелешип мындан дагы коопсуз, демократиялык жана гүлдөп-өнүккөн дүйнөнү курууга көмөктөшө алабыз», - деп белгиледи.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK