Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Аманбаев: Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нью-Йорк шаарында консулдук ачылууда

2920

2021-жылдын 21-22-августунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Аманбаев Нью-Йоркко иш сапары менен барып, ал жердеги кыргызстандык атуулдар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Б.Аманбаев кыргызстандыктарды Президент Садыр Жапаровдун өлкөдө жүргүзүп жаткан саясаты менен кенен тааныштырып, атуулдарды алдыдагы парламенттик шайлоого активдүү катышууга чакырды. Бакыт Аманбаев өз сөзүндө Президент Садыр Жапаровдун түздөн түз тапшырмасы менен жакынкы келечекте Нью -Йорк шаарында консулдук кеңсеси ачыла тургандыгын жана учурда ага даярдыктар көрүлүп жаткандыгына маалымдады. Андан соң Бакыт Аманбаев жолугушуунун катышуучуларынын кайрылууларын жана даттанууларын угуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Элчиликтин ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын, көйгөйлөрү, күнүмдүк жашоо, иш чөйрөлөрү жөнүндө айтып беришти, ошондой эле Кыргызстанда иштетүүгө мүмкүн болгон өнүгүүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү тажырыйбалары менен бөлүштү.

Ушул эле күндөрү Элчиликтин кызматкерлери жарандарга төмөндөгүдөй консулдук кызматтарын көрсөтүштү: жалпы жарандык паспортторду алмаштыруу/берүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү, мекенине кайтып баруу жөнүндө күбөлүктү берүү, консулдук каттоодон өтүү жана ар кандай нотариалдык документтерди менен камсыз кылуу. Жалпысынан бул күндөрү жарандарга ар кандай 150дөн ашык консулдук кызматтар көрсөтүлүп, атуулдарга оозеки консультациялар берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK