Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте бир катар маданий-массалык иш-чараларды уюштурду

3858

2019-жылдын 31-августунда – 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Элчилик кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен бирге АКШда жашаган мекендештердин ортосундагы байланышты тереңдетүү максатында бир катар маданий иш-чараларды уюштурду.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев кыргыз маданиятын жана тилин өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган Цинциннати шаарындагы Кыргыз маданият жана тил борборунун ачылыш аземине катышты.

Элчи Б.Отунбаев мекендештерди жана иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Элчи кыргыз тили мамлекеттүүлүктүн негиздеринин бири болуп саналарын жана бул жылы Кыргыз Республикасы кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алгандыгынын 30 жылдыгын белгилеп жаткандыгын билдирди. Элчи Б.Отунбаев чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиздин тилди жайылтуу максатында борборлору ачып жана ар кандай иш алып барган  аракеттерин оң баалады.

Элчилик Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган кыргыз дипломатиялык кызматтын түптөлүп жана өнүгүүсү боюнча сүрөт көргөзмөсүн уюштурду. Сүрөт көргөзмөсүндө кыргыз тышкы саясатынын негизделген убагындагы сүрөттөр камтылган.

Кыргыз Өкмөтү тарабынан 2019-жыл юбилейдик иш-чара өткөрүү тууралуу чечимин ишке ашыруу боюнча, Элчилик "Саякбай" коомдук фондунун колдоосу менен, Монреалда өткөн кинофестивалда "Мыкты инновациалык тасма" номинациясын утуп алган "Саякбай. ХХ кылымдын Гомери” аттуу кинотасманы көрсөттү. Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмер Б.Сыдыковдун «Өмүр дастаны» китептери Кыргыз маданият жана тил борборунун фондуна тапшырылды.

Биздин өлкөнүн экономикалык өнүгүү маселелери боюнча пикир алмашуусу үчүн АКШда жашаган мекендештердин катышуусу менен биринчи жолу бизнес-форум уюштурулду.

Элчилик форумдун катышуучуларын Кыргызстандын инвестициялык, экономикалык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Мындан тышкары, өлкөнүн жетекчилиги тарабынан  бизнес климаттын шарттарын жакшыртууга багытталган иштери тууралуу кенири маалымат берди.

Иш-чаранын катышуучулары компанияларынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти жана IT технология, соода, жүк ташуу жана көптөгөн башка тармактагы алдыңкы жетишкендикери менен тааныштырды. Иш-чаранын аягында кыргызстандыктар ушундай иш-чаралардын натыйжалуулугун канааттануу менен белгилеп, ушул үлгүдөгү иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Маданий жана спорттук иш-чараларды жабуу алкагында Элчилик кыргыз диаспорасынын активдүү мүчөлөрүнө Элчиликтин ыраазычылык каттарын тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK