Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жакынкы күндөрү БУУнун пленардык жыйынында каралат

3469

 

 

2021-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда кыргыз-америка эки тараптуу мамилелериндеги орунттуу учурлар жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Ошондой эле, элчи Бакыт Аманбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылы Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясында  көтөргөн демилгеси тууралуу маалымат берип, Америка тарапты КРнын президенти тарабынан «2022-жылды дүйнө тоолорундагы көп жылдык мөңгүлөрдү коргоо жана сактоо жылы», деп жарыялоо демилгесин жакынкы күндөрү өтө турган БУУнун сессиясында колдоп берүүгө чакырды. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жогорудагыдай демилгеси жакынкы күндөрү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында каралат. 

Андан сырткары элчи мырза  жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин АКШнын Мамлекеттик катчысы Э.Блинкенге даректелген куттуктоо нотасын расмий түрдө тапшырды. 

Ошондой эле, жолугушуу учурунда кыргыз элчиси үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында Пенсильвания штатында Кыргыз Республикасынын жараны Н.Мамыровдун өлүмүнө байланышкан кайгылуу окуянын териштирилүүсү тууралуу маалымат сурап, анын жыйынтыгын чыгарууну тездетип берүүнү өтүндү. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK