«Blair House» АКШнын Президентинин конок үйүндө АКШнын Мамлекеттик департаментинин тарабынан уюштурулган Кадыр Токтогулов АКШдагы Кыргыз Республикасынын Элчиси катары миссиясын бүтүрүүгө байланыштуу расмий иш-чара өттү

4690

2019-жылдын 28-январында Вашингтон шаарында «Blair House» АКШнын Президентинин конок үйүндө АКШнын Протоколдун башчысынын офиси тарабынан уюштурулган Кадыр Токтогулов АКШдагы Кыргыз Республикасынын Элчиси катары миссиясын бүтүрүүгө байланыштуу расмий иш-чара өттү. Бул иш-чарага АКШнын мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, анын ичинде АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин, АКШнын Мамлекеттик департаментинин, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле Вашингтон шаарындагы дипломатиялык миссияларынын жетекчилери, АКШнын академиялык чөйрөлөрдүн жана эксперттик коомчулуктардын өкүлдөрү катышты.

АКШнын Протоколдун башчысы Шон Лоулер жана АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Эмилия Пума өздөрүнүн сөздөрүндө акыркы төрт жылдын ичинде Кадыр Токтогулов Кыргыз Республикасынын Элчиси болуп жемиштүү кызматташуусу үчүн, Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыктын ар кайсы багыттарында мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз салымын белгилеп, ыраазычылык билдирди жана анын мындан аркы адистик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Кадыр Токтогулов АКШда Кыргыз Республикасынын Элчиси болуп жүргөнүндө колдоо жана кызматташуу үчүн америкалык достору менен кесиптештерине ыраазычылык билдирди жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да системалуу өнүктүрүүгө ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK