Кыргыз Республикасынын Канададагы Элчилиги Канада-Евразия ишкерлер ассоциациясы (CERBA) менен биргеликте канадалык жана евразиялык компаниялардын катышуусунда жасалма интеллект жаатындагы панелдик талкууга Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусун уюштурду.

3613

 

2021-жылдын 24-февралында Канадалык-Евразиялык ишкерлер ассоциациясы тарабынан Монреаль шаарында видео-конференция режиминде уюштурулган панелдик талкуу учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялык паркынын директору Ч. Темиров, Улуттук Ачык Өкмөт Форумунун теңтөрагасы Б.Сатыбеков жана "Айылмаалымат" мамлекеттик ишканасынын директору инновациялык технологияларды жана жасалма интеллектти иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн канадалык жана евразиялык компанияларды жана инвестицияларды Кыргыз Республикасына тартуу максатында сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ушул сегменттин келечеги боюнча кылдат тажрыйба жана пикир алмашуу болуп өттү, ага канадалык жана евразиялык уюмдардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү, анын ичинде Монреальдагы жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттик борбордун башчысы Ж.Ражот, жасалма интеллект жаатындагы MILA Quebec институтунун директору Ф.Лорин, “Монреаль Интернешнлдин” аймактык директору Ф.Валентин катышышты.

Катышуучулар жолугушуунун жыйынтыгында бул багытта байланыштарды жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга кызыкдар жана даяр экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK