АКШдагы кыргыз диаспорасынын Баткен облусунун тургундарына жардам берүү аракеттери

3039

Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалынын натыйжасында Баткен облусунда жабыркагандарга жардам көрсөтүүнүн алкагында АКШдагы кыргыз диаспорасынын активдүү өкүлдөрү Кыргызстанга которуу үчүн каражат чогултуу боюнча масштабдуу иш алып барышууда. Тактап айтканда, Чикагодогу диаспоралар электрондук эсеп ачуу жолу менен 1-майга карата 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча чогултууну уюштурушкан. Каражаттын бир бөлүгү бүгүн Чикагодогу кыргыз диаспоралары уюштурган улуттук тамактарды сатуу боюнча жарманкенин жыйынтыгында чогултулду.

Мындан тышкары, Элчиликке АКШнын башка шаарларындагы жана аймактарындагы диаспора өкүлдөрү тарабынан акча каражаттары чогултулгандыгы жөнүндө маалымат келип түштү, анын жыйынтыгы жакынкы аралыкта маалымдалат.

Элчилик АКШда жашаган мекендештерге Баткен облусунун тургундарына баа жеткис жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK