Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчиси Б.Аманбаевдин Мамлекеттик катчынын жардамчысынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучусу/АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча бюросунун башчысы Д.Томпсон менен жолугушуусу жөнүндө

3497

2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчиси Б.Аманбаев Мамлекеттик катчынын жардамчысынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучусу/АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча бюросунун башчысы Д.Томпсон менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчиси Б.Аманбаев америкалык тарапка акыркы жылдары Кыргызстанда болуп өткөн саясий өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдады. Ал белгилегендей, азыркы өкмөттүн башкы максаты - Кыргызстанда демократиялык баалуулуктарды орнотуу жана мыйзамдуулук болуп саналат. Ал өз билдирүүсүндө жаңы бийлик келгенден бери Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо абдан таза жана акыйкат өткөнүн белгиледи. Б.Аманбаев бүгүнкү күндө дүйнө жүзү дуушар болуп жаткан эң чоң көйгөйлөр - глобалдык жылуулук, курчап турган чөйрөнүн булганышы жана пандемия, ушуга байланыштуу Кыргызстан көрсөтүлгөн багыттарда АКШнын менен кызматташууга кызыкдар экендигин  белгиледи.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу жолдору боюнча пикир алмашышты. Б.Аманбаев Кыргызстандан уурдалган активдерди кайтарып берүү жана студенттер, мугалимдер үчүн билим берүү программаларын калыбына келтирүү боюнча кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Д.Томпсон Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасындагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жаткандыгын белгилеп, бардык тармактар боюнча конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди, анын ичинде ковидден кийинки экономиканы калыбына келтирүү, ошондой эле COVAX программасы аркылуу COVID-19га каршы вакциналар менен камсыз кылуу.

Сүйлөшүнүн жүрүшүндө америкалык тарап кыргыз тарапка жакынкы аралыкта бардык билим берүү программаларын калыбына келтирүү маселеси каралып жаткандыгын маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK