АКШнын Чикаго шаарында консулдук ачылат

4310

2021-жылдын 16–20-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Элчиси Бакыт Аманбаев баштаган Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин кызматкерлери Чикаго шаарына (Иллинойс штаты) жумушчу иш сапары барышты. Иш сапары учурунда Бакыт Аманбаев Чикаго шаарындагы мекендештер менен жолугушуп,  алардын суроолоруна жооп берди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Аманбаев мекендештерди Кыргыз Республикасында болуп жаткан саясий окуялар   менен тааныштырып, келечекте  Чикаго шаарында жашап, иштеген кыргызстандыктар паспортторун алмаштыруу үчүн Вашингтонго барышпай тургандыгын анткени жакынкы күндөрү Чикаго шаарында консулдук өкүлчүлүк ачыла тургандыгын жарыялады. Ошондой эле Бакыт Аманбаев Чикагодо жашап иштеген кыргызстандык жарандардын кайрылууларын жана арыздарын угуп, Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын кызыкчылыктарын, укуктарын коргоого багытталган саясаты  жана консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды киргизүү пландары жөнүндө кеңири айтып берди. 

Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Элчиликтин ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын, күнүмдүк жашоо, иш чөйрөлөрү жөнүндө маалымат беришип,  Кыргызстанга канткенде биргелешип жардам берүү тууралуу өз ойлору менен бөлүшүштү. 

Иш сапары учурунда элчиликтин кызматкерлери Чикагодо жашаган атуулдарга үч күн бою консулдук кызмат көрсөтүштү: жалпы жарандык паспортторду алмаштыруу/берүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү, мекенине кайтып баруу жөнүндө күбөлүктү берүү, консулдук каттоодон өтүү жана ар кандай нотариалдык документтерди менен камсыз кылуу сыяктуу иш чараларды аткарышты. Үч күндүн ичинде жалпысынан 300дөн ашык адамга  консулдук кызмат көрсөтүлүп, 100дөн ашык жаранга оозеки консультация берилди. 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK