ЖАРЫЯ, ЖАРЫЯ, ЖАРЫЯ!!! Кыргызстандын АКШдагы элчилиги АКШда жашап жана иштеп жаткан жарандарга консулдук кызмат көрсөтөт

3322

  Кыргыз Республикасынын АКШ дагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын  3-6 - сентябрында Американын Чикаго шаарында  Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук тейлөө иштерин жүргүзөт. Иш чаранын жүрүшүндө кыргызстандык атуулдарга консулдук кызматтардын төмөндөгүдөй түрлөрүн алууга мүмкүнчүлүк берилет: Жарандык паспортту жаңыртуу, нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү, мекенине кайтуу күбөлүгүн (СВР)  жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдү алуу ж.б.

    Ушуга байланыштуу, урматтуу мекендештер сиздерден өтүнөбүз, кайсыл бир документти алууга келээрден мурда элчиликтин төмөндөгүдөй даректегине: (https://mfa.gov.kg/ru/embassies/embassy?id=63) веб-сайтына баш багып, өзүңүздөрдү кызыктырган  маселе боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып,  колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып  келишиңерди эскертебиз.

  Мындан тышкары, ушул күндөрү алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана ага катышуу тартиби жөнүндө толук маалыматтар берилет жана  биометрикалык маалыматтар чогултулат, ошондой эле шайлоочуларынын тизмесине киргизилип жана Элчиликтин консулдук каттоосуна тургузуу иш чаралары да жүргүзүлөт.

Иш-чаранын дареги: 1114 N Arlington Heights Rd  Arlington Heights, IL 60004 USA (Kyrgyz Community Center)

Убактысы: 3-6 - сентябрында саат 10-00дөн 19-00гө чейин.

  Алдыда боло турган консулдук кабыл алууга алдын-ала даярданууда же кандайдыр бир түшүнбөгөн суроонуздар болсо төмөндөгүдөй телефонго чалып сурасаңыздар болот: Тел. +1 (202) 449-9823 же электрондук kgconsulate.washington@mfa.gov.kg почта аркылуу кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK