Арзан баада жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүгө адистешкен америкалык компания жакын арада Кыргыз Республикасына келээри макулдашылды

3263

2021-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бактыбек Аманбаев Astera International LLP компаниясынын аткаруучу директору Боб Арефи менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Astera International LLP компаниясынын директору Боб Арефи алдыңкы заман бап жабдууларды колдонуу менен геотермалдык энергияны алууга жетишип, жаратылышка зыян келтирбей туруп  бүтүндөй өлкө калкын арзан жылуулук жана арзан баада электр энергиясы менен камсыз кылуунун  жолдору менен тааныштырды.  

Элчи Б.Аманбаев геотермалдык энергияны колдонуу долбоорун ишке ашыруу кышкы суук алты ай бою созулган Кыргыз Республикасы үчүн  аябай маанилүү экенин жана бул долбоорду тез аранын ичинде ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, аталган компанияны кыргыз өкмөтү менен биргеликте иш алып барууну сунуштады. Талкуунун соңунда жакынкы күндөрү аталган компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, бул долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү министриликтер менен жолугушууларды өткөрөөрү макулдаштылды. 

Геотермалдык энергия - жер астындагы +20 ° Сден жогорудагы ысык суудан алынган жылуулук. Учурда дүйнө жүзүндө геотермалдык энергияны активдүү колдонуу жайылууда. Дүйнөлүк практика боюнча заманбап технологияларды колдонуу менен бир нече миң метр тереңдикте жер алдынан сөзсүз түрдө кайнаган ысык сууну табууга болот жана аны күндөлүк турмушка жылуулук үчүн колдонуп жана андан арзан электр энергиясын өндүрүүгө болот. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK