Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту

3492

2021-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Мамлекеттик катчынын демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Б.Аманбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан соңку бир жыл ичинде жүргүзүлгөн Конституциялык реформанын жана шайлоо кодексин өзгөртүүнүн маңызы жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берди. Бакыт Аманбаев өз сөзүндө конституциялык реформаларды ишке ашыруу менен кыргыз президенти өлкөдө соңку он жыл бою оорун алган эң жогорку мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн  жоопкерчиликсиз иш-аракеттерине чекит коюп, жоопкерчиликтүү мамлекеттик система түзүүгө жетишкендигин маалымдады. Ал эми шайлоо мыйзамын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасында соңку он жыл бою оорун алган партиялык коррупияны токтотуп, карапайым атуулдарга партия лидерлеринен көз карандысыз эле кааласа бир мандатуу, кааласа партиялык тизме менен шайлоого катышуу укугу кайтарып берилгендигин аябай маанилүү  тарыхый окуя катары белгиледи. Жаңы шайлоо боюнча мурдагыдай партиялык тизмеде эң алдыңкы оорунда турган талапкер эмес, элдин добушун көп топтогон талапкер депутат болуп шайланат, деген оюн ортого салды Бакыт Аманбаев.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зея Кыргызстандагы саясий реформалар боюнча кеңири маалымат үчүн ыраазычылыгын билдирип, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын өлкөдө демократиялык институттарды өнүктүрүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин колдоо жана коррупция менен күрөшүү, социалдык экономикалык өсүштү жандандыруу  багытыдагы иш аракеттерин  колдоого алууну  улантууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле  Мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зея Ооганстандагы азыркы кырдаалды эске алуу менен Кыргызстандын жетекчилигине ооган качкындарын колдоо багытындагы аракетине ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK