КРнын АКШ дагы элчиси Бакыт Аманбаев Вашингтондо өткөн жыйында сөз сүйлөдү

2681

       2021-жылдын 1-декабрында Вашингтондо үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Истамбул шаарында уюштурулган Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмунун келечегине байланыштуу тегерек стол өткөрүлдү. Аталган жыйын башкы кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Каспий саясат борбору тарабынан уюштурулду. Иш чарага  Кыргыз Республикасынын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын элчилери, АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү жана ар кандай эл аралык аналитикалык-иликтөө борборлордун адистери катышышты. Иш-чаранын негизги темасы жаңыдан түзүлгөн Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмунун (ОТГ) ишмердүүлүгүнө арналып, уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү маселери талкууланды.
       Кыргыз Республикасынын элчиси Б.Аманбаев жыйында сөз сүйлөп, кыргыз Президенти Садыр Жапаров Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө аталган уюмдун ишмердүүлүгү өлкөлөр аралык экономикалык мамилерди чыңдоого өзгөчө көңүл бурулушун сунуштап, келечекте аталган уюмдун алкагында  жаңы транспорт коридорлорун ачууну, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы өз ара кызматташууну жакшыртып, уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара соода экономикалык байланышты чыңдоо зарылчылыгын айткандыгына тегерек столдун катышуучуларынын көңүлүн бурду.  
             «Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгечиси. Аталган иш чара  соңку бир нече жылда  бүткүл дүйнө жүзүнө таанымал «брендге» айланды. Келчекте  ал жаңы уюшулган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кылымдарды карыткан көчмөн маданиятынын баалуулуктарын  биргелешип дүйнө жүзүнө таанытуучу «биримдиктин символу» боло алат. Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөн оюндары  2022-жылы боордош Түркиянын кереметтүү Изник тоо көлүнүн жээгинде өтөт жана мен бардык өлкөлөрдү аларга активдүү катышууга чакырам», - деди Кыргыз Республикасынын Элчиси.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK