Кыргыз Республикасынын Америкадагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Соода министрлигинин Эл аралык соода башкармалыгынын башчысы менен жолугушту

2216

2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Эл аралык соода башкармалыгынын директору Мэттью Эдвардс жана АКШнын Соода министрлигинин чет өлкөлөр менен кызматташтыкты чыңдоо багытындагы программалык адистери менен жолугушту. 

Жолугушууда  Б.Аманбаев Президент С.Н.Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалар жана алардын Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүүдөгү  мааниси жөнүндө кеңири маалымат берип, өлкө экономикасын жандандыруудагы кыргыз бийлигинин артыкчылыктуу багыттарына  жана муктаждыктарына кеңири токтолду. Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экспорттук-импорттук мамилелерди өнүктүрүү зарылчылыгына токтолгон элчи, Кыргыз Республикасынан АКШнын базарларына айыл чарба товарларын эч кандай бажы төлөмүсүз экспорттоого мүмкүндүк берген америкалык ВСП+ программасын колдонууну кеңейтүү жана аталган программаны натыйжалуу колдонууга жетишүү боюнча озунун сунуштарын ортого салды.  Жолугушуу учурунда элчи мырза америкалык тарапка Кыргыз Республикасынын бажы, салык тармагындагы адистеринин жана  жергиликтүү орто жана чакан бизнестин өкүлдөрүнүн, фермерлердин тажрыйбаларын арттыруу боюнча Американын ар кандай штаттарына тажрыйба алмаштыруу боюнча окутуу иш чараларын өткөрүүнү сунуштап, кыргыз өкмөтүнө эл аралык деңгээлде инвестициялык долбоорлорду түзүүдө эксперттик жана консультациялык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушун ортого салды. 

Америкалык тарап Кыргызстанды аталган багыттар боюнча ар тараптуу  колдоого даяр экенин билдирди. Тактап айтканда, рыноктук мамилелерди өнүктүрүү, мыйзамдарды оптималдаштыруу, бажы, фитосанитардык кызматтар, жумушчулардын жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында техникалык жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча аткарылып жаткан жана келечекте аткарыла турган программалар тууралуу маалымат беришти. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында америкалык тарап, өз ыйгарым укуктарынын алкагында ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдиришип, тараптар келечекте жакындан биргелешип иш алып баруу боюнча макулдашышты. 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK