Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров  IT багытында окутуу мекемесин ачуу демилгесин колдоду

1987

 

20-апрелде Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде келечекте Кыргыз Республикасында эл аралык деңгээлдеги IT тармагы боюнча окуу жайын уюштуруу концепциясынын долбоору талкууланды. Талкуу элчилик тарабынан уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Аталган концепция КР АКШдагы элчилиги жана Америкадагы DevX мектебинин жетекчилиги тарабынан биргелешип даярдалды. 

Концепциянын авторлору айрыкча соңку жылдары дүйнөдө IT тармагынынын өнүгүшүнө жана бул тармактагы адистерге талап күндөн күнгө өсүп жаткандыгын белгилешип, келчекте ачыла турган окуу жайында алгач төмөндөгүдөй жети адистикти ачууну сунушташты:

  1. Fullstack Development;

  2. UX/UI Design;

  3. SDET;

  4. DevOps;

  5. Data Science (AI);

  6.  Product Owner;

  7. Cybersecurity.

Учурда АКШнын аймактарында теги кыргызстандык жарандар жогорудагы адистерди даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү окуу жайын ачышып, соңку беш алты жылдан бери ийгиликтүү иш алып барышууда. Аталган курстардын окуу мөөнөтү сегиз ай. Эң башкысы бүтүрүүчүлөрдүн 98% толук түрдө жумуш менен камсыз болушууда. Элчиликтин демилгеси менен ушундай системадагы окуу жайын келечекте Кыргызстанда ачуу сунушталды. 

Белгилеп кетүүчү нерсе, алардын окутуу системасы Кыргызстандын окутуу системасынан таптакыр айырмаланат жана окутуу ыкмалары жалаң практикага негизделгендиги менен өзгөчөлөнөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров элчилик менен DevX мектебинин Кыргызстанда IT тармагында эл аралык билим берүү мекемесин (IT академиясы) түзүү идеясын колдоп, аталган долбоорду ишке ашуу үчүн Билим берүү министрлигине жана элчиликке кошумча тапшырмаларды берди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK