Америкалык DevX  окуу жайы кыргызстандык сегиз жогорку окуу жайлары менен биргеликте дүйнө жүзү боюнча эң көп талап кылынган IT тармагындагы адистерди даярдашат

1726

2022-жылдын 12 - июлунда Бишкекте IT тармагында адистерди даярдаган америкалык DevX  аттуу окуу жайы менен Кыргыз Республикасындагы сегиз жогорку окуу жайынын ортосунда дүйнө жүзү боюнча эң көп талап кылынган IT адистерин биргелешип даярдоо боюнча келишим түзүлдү. Мындай иш-чарага Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев,  Илим жана билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин милдетин аткаруучу Соната Коултер, Кыргыз Республикасындагы сегиз мамлекеттик университетинин ректорлору жана америкалык  DevX мектебинин негиздөөчүлөрү катышышты. 

Америкалык DevX окуу жайы соңку бир нече жылдан бери АКШнын аймагында IT тармагындагы эң зарыл болгон онго жакын кесип ээлерин ийгиликтүү даярдап келет. Окутуу англист тилинде өткөрүлөт жана окуу мөөнөтү сегиз айга созулат. Окутуу он лайн түрүндө өткөрүлүп, дүйнөлүк ири компанияларда иштеген тажрыйбалуу адистер лекция окушат. Бүтүрүүчүлөрдүн токсон тогуз пайызы жогорку маянадагы жумуш табууга жетишкендигин өзгөчө баса белгилөөгө болот. 

Аталган келишимге ылайык америкалык DevX окуу жайы Кыргыз Республикасындагы ири сегиз окуу жайы менен биргеликте IT тармагындагы адистерди биргелешип даярдоону башташат. Окутуу системасы жана окутуу толугу менен америкалык DevX компаниясы тарабынан уюштурулат. Ал эми кыргызстандык окуу жайлар болсо студенттерге алардын окуусу үчүн толук  шарттарды түзүү жана зарыл болгон окуу жабдууларын даярдап беришет. Окутуу он лайн түрүндө жүргүзүлөт. 

Жогорудагыдай демилге Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги тарабынан көтөрүлүп, элчиликтин кызматкерлери америкалык DevX компаниясы менен биргеликте соңку бир нече ай бою келечектеги окуу жайынын концепциясын иштеп чыгышты.   Андан соң бул концепция Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров тарабынан колдоо таап жактырылды. Андан соң аталган концепция кыргыз өкмөт башысынын буйругу менен  Илим жана билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевдин жетекчилиги менен ишке ашырылууда. 

Аталган окуу жайга Кыргызстандан КГТУ, ОшГУ, ИГУ, ЖАГУ, НГУ, ТалГУ, БатГУ окуу жайлары катышышат. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK