Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмеси

4331

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

 

 

2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү маселеси боюнча төмөнкүнү билдиребиз.

 

Азыркы этапта өлкөдөн тышкары жүргөн же жашап жатышкан адамдардын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 42 шайлоо участогун бекитти.

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын талаптары боюнча, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредитация болгон мамлекеттердин макулдугу менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө түзүлөт.

 

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат. Ал эми добуш берүүчү күнү Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн бирок консулдук каттоодон өтпөгөн шайлоочулар, чет өлкөдөгү жашаган же жүргөн жериндеги шайлоо участогуна (форма 2 боюнча) добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул учурда КР чет өлкөдөгү мекемеси арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алат. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн убакытта жасалат. Бул ишти шайлоого чейин 15 календарлык күн калгандан (20-сентябрга чейин) кечиктирбей жасоо зарыл.

 

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт. 16-июлдан тарта шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгашкан, 26-июлдан тарта таанышуу үчүн шайлоо участокторунда илинет. Эгер ката табылса, так эместик кетсе же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, ушул эле аралыкта (20-сентябрга чейин) шайлоо комиссиясынын участогуна №1 формасындагы арыз менен кайрылуу зарыл.

 

№ 1 жана №2 формасындагы арыздар:

 

1. Шайлоо участогунда, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өткөндөн кийин берилет.

 

2. Же “Шайлоочунун кабинети” мамлекеттик порталынын сервиси аркылуу электрондук форматта тапшырылып, бул учурда шайлоочу талап кылынган формадагы авторизациялоодон өтөт.

 

Шайлочунун арызына тиешелүү шайлоо комиссиясынын жообу арызды кагаз же электрондук кабар катары кабыл алгандан 7 календарлык күн аралыгында, шайлоочу арызында көрсөткөн дарек, анын ичинде электрондук дарекке да жөнөтүлөт.

 

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогуна акыркы тизме илинет. Биометрикалык каттоодон өтүү  Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, бүт республика боюнча калкты тейлөө борборлорунда, ошондой эле шайлоо алдында Кыргызстандын аэропортторунда, темир жол вокзалдарында жүргүзүлөт.

 

Тизмелер шайлоо ортосундагы аралыкта ай сайын, ал эми шайлоо мезгилинде күн сайын жаңыртылып турат. Добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

 

“Жарандык жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны да Кыргыз Республикасынын жараны катары эсептелет.

 

№ 9034 шайлоо участогундагы (Вашингтон шаары, АКШ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмеси.

 

ТИЗМЕ!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK