2023-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошонов Казакстан Республикасынын Анталья шаарындагы жаңы дайындалган Башкы консулу Куат Канафеев менен жолугушту

571

Рустам Кошонов кесиптешин дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар актуалдуу консулдук-укуктук маселелер боюнча пикир алмашышты. Маектешкендер бардык багыттар боюнча кызматташууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти, ошондой эле үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK