2023-жылдын 26-январында Башкы консул Рустам Кошоновдун Конья провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын Төрагасы Селчук Өзтүрк мырза жетектеген түрк ишкерлеринин делегациясы менен жолугушуусу өттү

519

Жолугушууда кыргызстандык ишкерлер менен бизнес өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү маселелери талкууланды. Делегация мүчөлөрүнө Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, туризм, өнөр жай жана энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Башкы консул түркиялык ишкерлерди өлкөнүн инвестициялык потенциалы менен таанышуу жана ишкердик байланыштарды түзүү максатында быйылкы жылы Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK