Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу Түркиянын түштүк-чыгышындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултууну уюштурду

509

2023-жылдын 14-февралында Антальяда жашаган мекендештердин активисттери кырсык болгон аймактардагы эвакуацияланган жарандарга жылуу кийим жана жууркан түрүндө гуманитардык жардам тапшырышты.

Өткөрүлгөн гуманитардык жардам Түркиянын эң көп жабыркаган шаарларына Башкы консулдук тарабынан эң кыска мөөнөттө жеткирилет.

Ошол эле учурда Башкы консулдук жер титирөөдөн кийинки алгачкы күндөрдө Адана, Османие, Кахраманмараш, Газиантеп жана Хатай шаарларынан эвакуацияланган жарандарыбыздын жардам чакырыгына жооп берген бардык жарандарыбызга ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK