Ушул жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Аланья шаарындагы Ардактуу консулу менен биргеликте Анталья шаарында жашаган мекендештерге ифтар өткөрдү

457

Башкы консул Рустам Кошонов саламдашуу сөзү менен чыгып, катышуучуларды Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, чет өлкөлөрдө жашаган КР жарандарынын ортосундагы достукту жана биримдикти мындан ары бекемдөөгө ишенимин билдирди. Ошондой эле башкы консулдуктун кызматкерлери катышуучуларга консулдук мекеменин аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат беришти.

Өз кезегинде мекендештер башкы консулдукка аталган иш-чараны уюштургандыгы, берилген маалыматтар жана жакшы каалоолору үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK