2023-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Антальядагы Башкы консулу Рустам Кошонов медициналык буюмдарды чыгарууга адистешкен ишкананын негизинде «Battal Holding A.Ş.» холдингинин негиздөөчүсү Мехмет Берат Баттал мырза менен жолугушту
Жолугушууда холдинг жетекчиси ишкананын ишмердүүлүгү жана чыгарылган продукциянын ассортименти тууралуу маалымат берди. Башкы консул иш тажрыйбасы менен таанышып, ошондой эле кызматташуунун мүмкүн болгон перпективасын талкуулады.