Ушул жылдын 17-январында Башкы консулдуктун кызматкерлери «Аруузат» фольклордук тобу уюштурган кыргыздын акын-импровизатору, композитор Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечесине катышышты
Иш-чарага мекендештер, Муратпаша муниципалитетинин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты. Иш-чаранын атайын коноктору Кыргызстандан келген артисттер болду.
Кечеде Э.Иманалиевдин репертуарындагы белгилүү чыгармалар аткарылып, төкмө акындардын айтышы болду. Концерттик программа Анталияда жашаган мекендештердин чыгармачыл топторунун чыгуулары менен уланды.